Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Ички дүң продукция (ИДП) – белгилүү бир мезгил ичинде өлкөдө өндүрүлгөн бардык товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмүн чагылдырган негизги көрсөткүч. Башкача айтканда, бул улуттук экономиканын чегинде түзүлгөн акыркы продукциянын жалпы наркы.
ИДПнын өсүшү экономикалык активдүүлүктүн жана жарандардын бакубаттуулугунун жогорулашынан кабар берет: ИДП канчалык жогору болсо, ошончолук көп товарлар өндүрүлөт, кызматтар көрсөтүлөт, жумуш орундары түзүлөт, калктын кирешелери көбөйөт.
Экономикалык динамиканы салыштыруу үчүн ИДП адатта реалдуу түрдө бааланат. Башкача айтканда, инфляцияны эске алуу менен эсептелет, бул номиналдык өсүштү эмес, өндүрүштүн иш жүзүндөгү өсүшүн көрүү үчүн керек.

2025-жылдын январь-август айларынын жыйынтыгы
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2025-жылдын сегиз айында Кыргызстандын ИДПсы 1 трлн 42,1 млрд сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу реалдуу түрдө 11 пайызга өстү.
Бул өсүшкө бир нече факторлор себеп болгон:
- негизги капиталга инвестицияларды көбөйтүү (анын ичинде ипотекалык программалар жана инфраструктуралык долбоорлор аркылуу);
- ички суроо-талапты колдоого алган үй чарбаларынын кирешелеринин өсүшү;
- негизги тармактарда — өнөр жайда, курулушта жана кызмат көрсөтүүлөрдө өндүрүштү көбөйтүү.
Экономиканын түзүлүшү
2025-жылдын январь-август айлары үчүн ИДПнын номиналдык түзүмүн:
- 33,4 пайыз товар өндүрүүчү тармактарга;
- кызмат көрсөтүү сектору өсүштүн негизги кыймылдаткычы болуу менен 50,7 пайызды түзөт;
- курулуш жана айыл чарбасы биргелешип жалпы экономиканын болжол менен 15 пайызын түзөт.

Өндүрүштөгү тобокелдиктерди азайтуунун натыйжасы
Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 437,1 млрд сомго жетти, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 11,5 пайызга көп.
Эң жогорку өсүш төмөнкү тармактарда катталды:
- фармацевтикалык тармак 2,2 эсе;
- тамак-аш өндүрүшү - +44,4 пайыз;
- курулуш материалдырн, резина жана пластмассалык материалдарды өндүрүү - +32 пайыз;
- кен байлыктарды казуу - +15,5 пайыз;
Металлургия тармагында гана 1,2 пайыз төмөндөө байкалган.
ИДПнын жалпы өсүшүнө өнөр жайдын салымы 1,93 пайыздык пунктту, сектордун үлүшү 17,9 пайызды түздү.
Айыл чарбасы: Климаттык тобокелдиктерге каршы туруктуулук
Айыл чарбасы ИДПнын 8,1 пайызын камсыздап, өндүрүштү 2,4 пайызга көбөйттү.
Бул тармакта мал чарбачылыгы эң жогорку өсүштү көрсөттү
- эт — +3,1 пайыз;
- сүт — +2,7 пайыз;
- жумуртка — +5,8%.

Ал арада сугат суунун жетишсиздигинен жана эгиндин эрте бышуусунан улам айыл чарбасынын түшүмдүүлүгү төмөндөгөн. Ошого карабастан мөмө-жемиш, жашылча, коондун түшүмдүүлүгү орто эсеп менен 10-20 пайызга өстү.
Өкмөт дыйкандарды колдоону улантууда. "Айыл чарбасын каржылоо-13" программасынын алкагында 6 миң 348 айыл чарба өндүрүүчүсү дээрлик 4 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыяларды алышты.
Курулуш: өсүү темпи боюнча лидер
Курулуш сектору эң динамикалуу тармактардын бири бойдон калууда.
2025-жылдын январь-август айларында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 166,1 млрд сомду (+20,1%) түздү, ал эми курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 34,8 пайызга өстү.
Өсүштү камсыз кылган факторлор:
- "Менин үйүм" программасы (турак жай куруу);
- транспорттук жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча долбоорлор;
- билим берүү, спорт жана туризм тармагына тартылган инвестициялар.
Курулуш тармагы ИДПнын жалпы өсүшүнө 2,14 пайыздык пункту камсыз кылып, анын структурасында 7,5 пайыз үлүшкө ээ болду.

Кызмат көрсөтүү тармагы: экономиканын башкы драйвери
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү ИДПнын дээрлик жарымын -50,7 пайызын түзөт, ал эми жалпы өсүшкө кошкон салымы 5 пайыздык пунктка жакын болду.
Негизги сегменттер:
- Соода — кызмат көрсөтүү тармагынын 33 пайыз;
- Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу — 10,2 пайыз;
- Транспорт жана жүктөрдү сактоо — 9,1 пайыз.
Өсүштү камсыз кылган факторлор:
- калктын кирешесинин көбөйүшү (орточо айлык акы +20,4 пайыз, пенсия +14,2 пайыз);
- активдүү керектөө насыялоосу (+45,3 пайыз);
- туризмдин жана коомдук тамактануунун өсүшү (+25,9 пайыз);
- маалымат жана байланыш секторунун өнүгүшү (+6,5 пайыз).

ИДП туруктуу өнүгүүнүн индикатору катары
Ошентип, 2025-жылдын сегиз айынын жыйынтыгында Кыргызстандын экономикасы туруктуу жана тең салмактуу өсүштү көрсөттү.
Негизги кыймылдаткыч күчтөр:
- инфраструктурага жана курулушка инвестициялар;
- өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү;
- соода жана кызмат көрсөтүү тармагынын жанданышы;
- айыл чарбасын мамлекеттик колдоо.
ИДП - жөн гана статистикалык көрсөткүч болбостон, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн сапатын чагылдырган индикатор болуп саналат. Анын өсүшү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун, жеке сектордун активдүүлүгүн жана калктын бакубаттуулук деңгээлин көрсөтөт.