Кыргызстандын экономикасы тездик менен өсүп жатат. Акыркы бир жылдын ичинде Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен ИДПнын өсүшү боюнча алдыга чыкты.
2024-жылы ИДПнын өсүшү 9 пайызды түзсө, быйылкы жылдын биринчи жарымында экономикалык өсүш 13 пайыздан жогору болду. Бул өлкө тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч.
Экономиканын өсүшүнө кызмат көрсөтүү, курулуш, айыл чарба жана өнөр жай тармагы чоң салым кошту.