Күйүүчү-майлоочу материалдардын баасынын өсүшү жана тартыштыгы көптөгөн мамлекеттер олуттуу көйгөй болду. Аздыр-көптүр бул көйгөйлөрдү дүйнөдөгү дээрлик бардык экономикалар башынан өткөрүүдө. Дүйнөлүк деңгээлде мунай продуктуларын казып алуу жана кайра иштетүүнүн мурдагы көлөмдөрүнүн калыбына келүү мөөнөтүн так болжолдоо мүмкүн эмес. Абалды Жакынкы Чыгыштагы кагылышуулардан улам толук бузулган логистика дагы татаалдаштырууда. Мунай менен жаратылыш газына бай өлкөлөрдүн инфраструктурасына жана танкер флотуна тынымсыз соккулар жасалып жаткандыктан көйгөйлөр улам күч алып көбөйүүдө.
Ошол эле учурда деңиз аркылуу ташуулардын чектелиши кеңири Евразия континентинде бензин менен дизелди кургактык аркылуу жеткирүү жолдорунун өнүгүшүнө түрткү берди. ЕАЭБ жана ШКУ өлкөлөрү өз ара колдоонун аркасында каатчылыктын кесепеттерин жумшартуунун иштей турган механизмин ыкчам түзө алышты.
Бүгүнкү күндө континенталдык транспорттук багыттар күйүүчү май тартыштыгын жоюуда өтө маанилүү ролду ойноодо. Жаңы логистикалык система тышкы таасирлерден корголгон фактор катары Евразия өнөктөштүгүнө кирген өлкөлөрдүн мындан аркы өнүгүшүнө түрткү берүүдө. Азыр диверсификациянын натыйжасында Кыргызстан бензин жана дизелди Россиядан гана эмес, Кытай жана Беларусь мамлекеттеринен да алып баштады, ошондой эле Казакстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мамлекеттик колдоо чараларынын аркасында мамлекет баалардын өсүшүн ооздуктап, стратегиялык запасты жетиштүү деңгээлде кармап турууда.
Эксперттердин баамында, Россиядагы заводдордо бензин, дизель жана суюлтулган газ өндүрүшүнүн мурдагы көлөмдөрү бир нече айдын ичинде калыбына келиши мүмкүн. Мындан тышкары, ЕАЭБ жана ШКУга мүчө өлкөлөрдө жаңы мунай кайра иштетүүчү заводдорду ишке киргизүү маселеси активдүү талкууланууда. Бул инфраструктура тышкы факторлордон көз карандысыз болот. Ал эми жаңы транспорттук коридорлор достук мамиледеги өлкөлөрдүн ортосунда туруктуу экономикалык өсүшкө өбөлгө түзгөн маанилүү байланыш жолдоруна айланат.

Экономист Кубатбек Рахимов кырдаалды Кыргызстандын өкмөтү күйүүчү май жетишсиздигиндеги экономикалык кесепеттерди азайтуу үчүн кандай чараларды көрүп жаткандыгынын негизинде талдады.
“Кыйынчылыктын эки түрү болот — кыйратуучу жана өнүгүүгө түрткү берүүчү. “Бизди өлтүрбөгөн нерсе бизди күчтүү кылат” дегендей, азыр биз экинчи баскычта турабыз. Кыргызстандын экономикасында болуп жаткан көрүнүштөр кыйратуучу сокку эмес, тескерисинче өнүгүүгө түрткү берүүчү факторлор болуп жатат. Албетте, жагымсыз жагдайлар бар. Алардын эң негизгиси — инфляция. Өлкөдө жүк жана жүргүнчү ташуулардын 95 пайызы автотранспорт аркылуу ишке ашат, ал эми бензин менен дизелдин баасы өстү. Бул түздөн-түз товарлардын баасына таасир бере баштады”, — деди ал.
Анын айтымында, мындай шартта өкмөттүн күйүүчү май жеткирүү булактарын диверсификациялоо боюнча аракеттери туура кадам болуп саналат.
“Өкмөт Кытай, Беларусь, Казакстан жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдөн күйүүчү май жеткирүүчүлөрүн табууга аракет кылып жатат. Бул — туура чечим. Анткени, башка жол менен маселени чечүү кыйын болмок. Биз реалдуу дүйнөдө жашап жатабыз жана азыркы шартка ылайык аракет кылышыбыз керек. Эң негизгиси — күйүүчү майдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу”, — деп белгиледи экономист.
Рахимовдун пикиринде, эгер инфляциялык басымга көнүүгө мүмкүн болсо, калган маселелер башкаруучулук ийкемдүүлүк аркылуу чечилет. Айрыкча айыл чарба өнөктүгүндө түшүм жыйноо мезгилинде үзгүлтүксүз камсыздоо маанилүү.
“Биз рынок экономикасында жашагандыгыбыздан чыгымдардын өсүшү кийин товарлардын баасына таасирин тийгизери түшүнүктүү. Бирок, мамлекет дыйкандар менен фермерлерди мурдагы 80 сомдун тегерегиндеги баада дизель майы менен камсыз кылды. Бул маселе чечилди”, — деди ал.
Экономист белгилегендей, Кыргызстан күйүүчү май өндүрүүчү өлкө болбогондуктан, маселеге эки багытта мамиле кылышы керек. Биринчиден өзүнүн мунай иштетүүчү заводдорун түзүүсү зарыл. Экинчиден мунай маселесин — аны жеткиликтүү баада алуу же өзүнүн кендерин иштетүү аркылуу чечүү керек.
“Бул багытта “Газпром” жана “Газпром нефть Кыргызстан” компаниялары мурда сунуштаган демилгелерге көңүл буруу зарыл деп эсептейм. Алар бир нече жыл мурда Кыргызстанда мунай өндүрүүнү көбөйтүү жана аны кайра иштетүү боюнча так план сунушташкан. Өлкөнүн түштүгүндө туруктуу нефтехимиялык кластерди түзүү абдан маанилүү”, — деди Рахимов.
Мындан тышкары, ал транспортту электр энергиясына өткөрүү маселесине көңүл буруу керектигин белгиледи.
“Учурда мындай технологиялар жеткиликтүү болуп баратат. Кыргызстан жакынкы жылдары энергетикалык тартыштык абалынан ашыкча өндүрүүчү өлкөгө өтүүнү пландап жатат. Ошондуктан 2030–2032-жылдарга транспортту электр энергиясы менен иштетүүгө масштабдуу өткөрүү долбоорлорун караса болот. Биздин коңшубуз Кытай дүйнөдөгү эң ири электромобиль өндүрүүчү өлкө. Бул багытта биргелешкен өндүрүштөрдү, транспорттук кластерлерди түзүү боюнча системалуу иш жүргүзүү зарыл”, — деп кошумчалады ал.
Экономисттин айтымында, Борбор Азия анын ичинде Кыргызстан Европа менен Азиянын ортосундагы негизги соода жолдорунун кесилишинде жайгашканы маанилүү артыкчылык болуп саналат.
Анын белгилешинче, дүйнөлүк туруксуздукка карабастан, ЕАЭБ жана ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода көлөмү туруктуу бойдон калуу менен бирге өсүүдө. Бул аймактагы экономикалардын дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөрдөн жогору темп менен өнүгүшүнө шарт түзүүдө.
“Борбор Азия Евразия континентиндеги жаңы транспорттук системанын маанилүү бөлүгүнө айланууда. Мындан тышкары, өнөктөштөр логистика менен гана чектелбестен, энергетика, өнөр жай жана айыл чарба тармактарына инвестиция салып жатышат. Бул Кыргызстандын экономикасынын туруктуулугун күчөтүп, жаңы заводдордун, фабрикалардын ачылышына жана миңдеген жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот”, — деди ал.
Рахимов белгилегендей, керектүү товарларды жана продукцияларды өз өлкөбүздө өндүрүү экономикалык туруктуулуктун жана коопсуздуктун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Ошондой эле татаал тетиктерди жана механизмдерди чыгарган ишканаларды түзүү Кыргызстанды Евразиядагы кошумча нарк чынжырларына кошууга мүмкүнчүлүк берет.
Бул багытта Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аймактык экономикалык баяндамасына көңүл бурууга болот. Анда Кыргызстан боюнча 2026-жылдын жыйынтыгы менен ички дүң өнүмдүн өсүшү боюнча божомол 8,5 пайызга чейин жогорулатылган.
Демек, тышкы шарттардын терс таасирине карабастан, Кыргызстандын экономикасы туруктуулугун сактап, өсүү багытын улантат.
Күйүүчү майлардын баасынын өсүшү инфляцияны күчөтүшү мүмкүн. Бирок, эксперттердин баамында бул фактор жалпы экономикалык көрүнүшкө чечүүчү таасир бере албайт. Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун маалыматына ылайык, аймактагы экономикалык өсүштүн негизги кыймылдаткычы ички суроо-талап бойдон калууда. Инвестициялык активдүүлүк да жогору деңгээлде сакталууда. Айрыкча Кыргызстанда негизги капиталга салынган инвестициялар 2026-жылдын алгачкы төрт айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 69,7 пайызга өскөн.
Кыргызстандагы өсүштүн негизги багыттары катары турак жай курулушу (+29,6%), соода (+14,8%) жана өнөр жай тармактары, анын ичинде алтын, цемент жана азык-түлүк өндүрүшү (+13,4%) көрсөтүлүүдө.
Ошентип, Кыргызстандын экономикасы тышкы факторлорго карабастан туруктуулукту сактоо боюнча жетиштүү мүмкүнчүлүктөргө ээ.

"2026–2028-жылдар аралыгында Евразия аймагы үчүн тобокелдиктердин балансы бир жактуу эмес аралаш бойдон калууда”, — деп түшүндүрөт Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕФӨФ) башкы экономисти Сергей Улатов.
“Бир жагынан, айрым өлкөлөрдө кошумча стимулдаштыруучу чаралардын кабыл алынышы жана тышкы экономикалык шарттардын жакшырышы мүмкүн болгондуктан, экономикалык өсүштүн ылдамдоо мүмкүнчүлүгү бар. Экинчи жагынан, көпчүлүк экономикалар үчүн негизги чакырык катары инфляция калууда. Ага дүйнөлүк азык-түлүк жана энергия ресурстарынын бааларынын өзгөрүп турушу гана эмес, ички суроо-талаптын жогору бойдон сакталып жатканы да таасир этүүдө”,- деди ал.
Эксперттер Евразия мейкиндигиндеги өлкөлөр экономикалык туруктуулуктун негизин түзгөн прагматикалык жана өз ара пайдалуу байланыштарды калыптандырып жатканын белгилешет. Өз ара колдоо өнөктөштөргө тышкы тобокелдиктердин жана экономикалык соккулардын таасирин азайтууга мүмкүнчүлүк берет.
Учурдагы негизги милдет — туруктуу өнүгүү темпин сактап калуу. ШКУ жана ЕАЭБ алкагында улуттук кызыкчылыктарды урматтоого жана жалпы максаттарга негизделген мамлекеттер аралык кызматташуунун жаңы форматы түзүлүүдө. Мындай шартта пайда болгон кыйынчылыктар биргелешкен аракеттер аркылуу чечилет.
Евразия өнөктөштүгүнүн мейкиндиги өзүн-өзү камсыздай ала турган мүмкүнчүлүккө ээ. Анда зарыл болгон ресурстар, технологиялар жана тажрыйбалар бар.
Ишке ашырылып жаткан инфраструктуралык долбоорлор ыңгайлуу жана тез логистикалык байланыштарды түзүүгө, соода көлөмүн көбөйтүүгө жана континенттин каалаган аймагына жүк жеткирүүгө кеткен убакытты кыскартууга багытталган. Ал эми энергетика тармагындагы долбоорлор өнөр жай өндүрүшүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт.
ШКУ жана ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен кызматташуунун натыйжасында Борбор Азия өзүнүн өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн алдыдагы ондогон жылдарга кеңейтти. Ошондуктан Борбор Азия аймагы дүйнөдөгү эң тез өнүгүп жаткан региондордун бири болуп саналат жана бул тенденция бекем негиздерге таянууда.