Кыргызстандын экономикасы акыркы беш жылда абдан өнүктү – Эдил Осмонбетов

Пикир
Кыргызстандын экономикасы акыркы беш жылда абдан өнүктү – Эдил Осмонбетов
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу өлкөнүн геоэкономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана жаңы транзиттик коридорлорду ачууга өбөлгө түзөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын Эл аралык мамилелерди талдоо борборунун директору Эдил Осмонбетов “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте өтүп жаткан “Жогорку сапаттагы өнүгүү жана биргелешкен модернизация” темасына арналган “Кытай – Борбордук Азия” аналитикалык борборлорунун VI форуму Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган маанилүү аянтча болуп саналат.

“Бүгүнкү форумдун негизги темасы — Кытай менен Борбордук Азиянын кызматташтыгы. Баяндамачылардын пикирлеринен байкаганыбыздай, бул абдан маанилүү иш-чара. Эксперттердин жана аналитиктердин сунуштары Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык мамилелерин жаңы деңгээлге көтөрүүгө жардам берет”, — деди ал.

Эдил Осмонбетов белгилегендей, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо тууралуу чечим Кыргызстандын экономикалык жана геосаясий мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

“Кытайлык эксперттер Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2024–2025-жылдары темир жолдун курулушун баштоо боюнча кабыл алган чечимин жогору баалап жатышат. Бул — геоэкономикалык жана геосаясий жагдайга таасир эте турган чоң саясий чечим. Биринчиден, Кыргызстан экономикасын өнүктүрүүгө жана Борбор Азиядагы геоэкономикалык позициясын бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алат. Экинчиден, аймактан Түштүк Кавказга жана Европага чыгуучу жаңы транзиттик коридорду түзүүгө шарт пайда болот”, — деди эксперт.

Анын пикиринде, темир жолдун курулушу аяктап, ишке киргенден кийин товар жүгүртүүнүн өсүшүнө, ошондой эле Нарын жана Жалал-Абад облустарынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишине өбөлгө түзөт.

“Бул Кыргызстан үчүн гана эмес, Өзбекстан жана жалпы Борбор Азия үчүн да маанилүү кадам. Темир жол аркылуу жүк ташуунун мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, соода-экономикалык байланыштар бекемделет. Мунун натыйжасында өлкөнүн транзиттик потенциалы жогорулап, аймактын геоэкономикалык өнүгүүсүнө шарт түзүлөт”, — деп белгиледи ал.

Ошондой эле Эдил Осмонбетов Кыргызстандын деңизге түз чыгуучу жолу жок экенин эске алганда, Кытай менен транспорттук жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.

“Кыргызстанды карап көрсөк, акыркы 5 жылдын ичинде олуттуу өнүктү. Мындай шартта президент Садыр Жапаров белгилегендей, Кытай — экономикалык океан. Кыргызстан деңизге түз чыга албаган өлкө болгондуктан, Кытай-Кыргызстан- Өзбекстан темир жолу аркылуу Түштүк Кавказга жана Европага чыгуучу транспорттук жолдорду өнүктүрүү экономикалык абалыбызды мындан да жакшыртууга жардам берет”, — деди ал.

Эксперттин айтымында, Кытай менен Борбор Азиянын ортосундагы тыгыз кызматташтык аймактын туруктуу өнүгүшүнө жана өлкөлөрдүн экономикалык байланыштарынын бекемделишине өбөлгө түзөт.