Бишкек, 29.08.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин тапшырмасына ылайык, Экономика жана коммерция министрлиги 2025-жылдын пландык мезгилинин айрым иштеринин аткарылышы тууралуу маалымат берди.
Анда айтылгандай, Кыргызстандын өнөр жайы өнүгүүнүн жаңы баскычына ишенимдүү кадам таштады.
Бул жылы эле жаңы өнөр жай ишканалары ишке кирип, жарандар үчүн жаңы жумуш орундарын жана кеңири мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда.
Учурда 2025-жылдын башынан бери (жети ай ичинде) 374 миллиард сомдук продукция өндүрүлүп, өсүш 11 пайыздан ашты.
Республика боюнча ондогон ишканалар ишке кирүүдө (67 жаңы ишкана). Бул – миллиондогон долларлык инвестициялар жана өлкөнүн бардык аймактарында 5000ден ашуун жаңы жумуш орундары.
Алардын арасында айнек идиштерди жана газоблокторду чыгаруу, алюминий профилдерин өндүрүү, ошондой эле текстиль жана кондитердик фабрикалар бар.
Инновациялар жана келечектин кадрлары өнөр жайдын секириги үчүн негиз болуп жатат. Жаңы технологиялар менен адистер атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы түзүүдө.
Кыргызстан эл аралык рынокторго активдүү чыга баштады. Эксперттин пикиринде, жаңы өндүрүштөр өлкөгө экспорттук потенциал жана көз карандылыксыздык берүүдө.