Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 1,3 пайызга өстү

Экономика Загрузка... 19 Январь 2026 15:50
6.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 19.01.26 /Кабар/. 2025-жылдын январь-ноябрында Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 4,9 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын айтымында, бул 2024-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 1,3 пайызга көп.

"Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (64,1 пайыз) жана Казакстанга (33,5 пайыз) туура келди", - деди ал.
5