Кыргызстандын долбоору "Жашыл Евразия" эл аралык климаттык сынагында мыктылардын катарына кирди

Экономика Загрузка... 03 Июль 2025 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын долбоору "Жашыл Евразия" эл аралык климаттык сынагында мыктылардын катарына кирди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Элдик Банк" ААК эл аралык климаттык сынактын климат тармагындагы мамлекеттик жана корпоративдик башкаруу, долбоорлорду каржылоо боюнча мыкты тажрыйбалар номинациясында экинчи орунду ээледи.

Сынак Евразия экономикалык комиссиясы менен Жаңы долбоорлорду илгерилетүү боюнча стратегиялык демилгелер агенттиги тарабынан уюштурулуп, анын жыйынтыгы 26-июнда Минск шаарында өткөн IV Евразиялык экономикалык форумда чыгарылган.

Бүгүн экономика министринин орун басары Султан Ахматов ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө жашыл долбоорлорду каржылоого кошкон салымы үчүн "Элдик Банкка" сыйлык тапшырды.

"Элдик Банктын" долбоору электр энергиясы тартыш болгон аймактарда чакан ГЭСтерди өнүктүрүүгө багытталган. Айрыкча Баткен облусундагы чакан ГЭСтер жылына кошумча 540 кВт электр энергиясын өндүрүп, 2 миңден ашуун үй-бүлөнү жарык менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Долбоор ошондой эле электр берүү линияларынын узундугун кыскартуу аркылуу жоготууларды азайтууну, көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүн төмөндөтүүнү жана 200дөн ашык жумуш ордун түзүүнү көздөйт. Ал эми Чүй облусундагы чакан ГЭСтердин курулушу аяктагандан кийин бул аймактын электр энергиясын импорттоого болгон көз карандылыгы 1-2 пайызга төмөндөйт деп күтүлүүдө.

2025-жылы "Жашыл Евразия" сынагына дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн, анын ичинде Армения, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Кытай, Индия, Иран, Түштүк Африка жана башка өлкөлөрдөн 295 долбоор катышты. Сынактын максаты — ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде туруктуу өнүгүүгө, климаттык митигацияга жана адаптацияга багытталган мыкты технологиялык чечимдерди аныктап, аларды жайылтуу.

Маалымат үчүн: 2025-жылдын 28-январында "Элдик Банк" ААК Кыргызстандагы алгачкы банк катары S&P Global Corporate Sustainability Assessment тарабынан берилүүчү эл аралык ESG-рейтингге ээ болду. Банк 45 упай алып, бул көрсөткүч дүйнөлүк каржы тармагындагы орточо деңгээлден (37 упай) жогору экени менен өзгөчөлөндү.