Самарканд, 30.10.25. /Кабар/. Кыргызстандын расмий делегациясы бүгүн Самаркандда ачыла турган ЮНЕСКОнун 43-Жалпы конференциясына катышат. Бул тууралуу кабарчыбыз жеринен билдирет.
Делегацияга Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева, ЮНЕСКО алдындагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов, президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев, президенттик администрациянын жана министрлер кабинетинин чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн эксперти Майрамбек Калыбаев, ЮНЕСКО боюнча Кыргызстандын улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева жана башка кызматкерлер кирди.
Жалпы сессиянын ачылыш аземине бүгүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышары күтүлүүдө.
Сессиянын алкагында билим берүү, илим, маданият, экология, технология жана коммуникация тармактарына арналган 150дөн ашык иш-чаралар өтөт. Конференция 14-ноябрга чейин уланат.
Бул ЮНЕСКОнун акыркы 40 жылдагы Парижден сырттагы биринчи сессиясы болуп эсептелет.