Кыргызстандын делегациясы Кытайдагы “Тяньцзинь” музейи менен таанышты

Коом Загрузка... 07 Июль 2025 09:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар
Жазгүл Мадинова

Жазгүл Мадинова

Бардык материалдар

Тяньцзинь, 07.07.25. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү, анын ичинде Кыргызстандан барган делегация Кытайдын Тяньцзинь шаарында жайгашкан “Тяньцзинь” музейи менен таанышты.

Ар өлкөдөн келген делегациянын мүчөлөрүнө алгач музейдин архитектуралык курулушу, андан соң музейдин ичинде жайгашкан тарыхый табылгалар, экспонаттардын коллекциялары көргөзүлдү.

“Тяньцзинь” музейинен Тяньцзинь тарыхына тиешелүү байыркы кытай көркөм өнөрлөрүн, каллиграфия, коло жана чоподон жасалган буюмдарды, керамика, монеталарды, тарыхый документтер, 18-кылымга таандык карта жана кадимки кездемеге чегерилген сүрөттөрдү көрүүгө болот.

Уюштуруучулардын айтымында, музейге келген туристтердин агымы арбын. Бул Тяньцзиндин тарыхына кызыккандар көп экенинен кабар берет.

Атай кетсек, “Тяньцзинь” музейи шаардагы эң чоң жана уникалдуу тарыхый баалуулуктарга ээ имараттардын бири.