Кыргызстандын делегациясы "Кытай – Борбор Азия 2025" курулуш конференциясына катышты

Коом 10 ноябрь 2025 13:50
img_8334-664690ed3aee0a968.08904518.jpg
img_8332-486690ed3aee1dae0.15410955.jpg
img_8336-997690ed3aee11e65.47839969.jpg
img_8337-404690ed3aee04773.66088057.jpg
img_8334-489690ed3aedfd458.27432651.jpg
img_8324-236690ed3aedf89d6.89438376.jpg
img_8330-49690ed3aedf0e00.84016087.jpg
img_8340-91690ed3aedd8884.06732516.jpg
Алдыга
Артка
img_8334-664690ed3aee0a968.08904518.jpg
img_8332-486690ed3aee1dae0.15410955.jpg
img_8336-997690ed3aee11e65.47839969.jpg
img_8337-404690ed3aee04773.66088057.jpg
img_8334-489690ed3aedfd458.27432651.jpg
img_8324-236690ed3aedf89d6.89438376.jpg
img_8330-49690ed3aedf0e00.84016087.jpg
img_8340-91690ed3aedd8884.06732516.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 10.11.25, /Кабар/. Пекин шаарында "Кытай – Борбор Азия: Курулуш маселелери 2025" аттуу курулуш министрлеринин конференциясы болуп өттү.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Кыргызстандын атынан курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев баштаган делегация мүчөлөрү катышты. 

Конференциянын жүрүшүндө Нурдан Орунтаев энергияны үнөмдөөчү курулушту өнүктүрүүнүн, санариптик долбоорлоого өтүүнүн, объектилердин сейсмикалык туруктуулугун жогорулатуунун, ошондой эле жеткиликтүү жана ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал Кыргызстан үчүн индустриялык турак жай куруунун заманбап технологияларын киргизүү, квалификациялуу инженердик жана архитектуралык кадрларды даярдоо артыкчылыктуу экенин баса белгиледи. 

Конференциянын алкагында курулуш министри Нурдан Орунтаевдин Кытайдын турак жай, шаар жана айыл курулуш министри Ни Хун менен эки тараптуу жолугушуусу болду. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар сейсмикалык туруктуу жана энергияны кайра үнөмдөөчү курулуш жаатында тажрыйба алмашуу жана кадрларды даярдоо маселелерин карап чыкты. Ошондой эле туруктуу шаардык чөйрөнү өнүктүрүүдө, инновацияларды киргизүүдө жана жеткиликтүү турак жай куруудагы кызматташтыкты чыңдоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.