Кыргызстандын делегациясы Анталья дипломатиялык форумуна катышты

Саясат Загрузка... 14 Апрель 2025 10:14
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 14.04.25. /Кабар/. 11-13-апрелде тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев башында турган Кыргыз стандын делегациясы "Бөлүнгөн дүйнөдө дипломатияны калыбына келтирүү" темасындагы IV Анталья дипломатиялык форумуна катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, Форумду Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган ачты.

Ал өз сөзүндө биринчи кезекте бардык көйгөйлөрдү дипломатия жолу менен чечүүгө көңүл буруп, адилеттүүлүккө жана адамдык мамилелерге негизделген өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Түркиянын мамлекет башчысы эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерге токтолуп, атап айтканда, Газа тилкесиндеги курч кырдаал, Украинадагы жана дүйнөнүн башка бөлүктөрүндөгү жаңжал тууралуу кеңири айтып берди.

Анталья дипломатиялык форумунун алкагында министрдин биринчи орун басары А.Исаев Конгонун тышкы иштер министри Жан-Клод Гакоссо, Гананын тышкы иштер министри Самуэль Окудзето Аблаква, Руанданын тышкы иштер министри Оливер Ндухунгирехе, Хорватиянын тышкы иштер министри Гордан Грлич Радман, Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Джон Доути, Сербиянын тышкы иштер министринин орун басары Николо Стоянович жана Голландиянын делегациясынын башчысы Альберт Гирвелд менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташтыкты чыңдоонун актуалдуу маселелери талкууланып, эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Форумга 20дан ашык мамлекет жана өкмөт башчылары, тышкы иштер министрлери, ошондой эле 150дөн ашык өлкөдөн келген делегация башчылары катышууда.