Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Чет өлкөлөрдөн мамлекеттин менчигине кыймылсыз мүлк сатып алуу – бул Кыргызстан үчүн бюджеттик чыгымдарды олуттуу түрдө оптималдаштырууга мүмкүндүк берген экономикалык жактан пайдалуу жана стратегиялык кадам. Бул тууралуу журналисттер менен жолугушууда "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Анын маалыматы боюнча, орто эсеп менен аянты 600-700 чарчы метрди түзгөн бир дипломатиялык объектти сатып алуу 5-9 млн еврого бааланат, бирок узак мөөнөттүү келечекте бул өлкөнү кымбат баалуу ижара акысын төлөөдөн толугу менен куткарат.
Бүгүнкү күндө ТИМ дүйнө жүзү боюнча өзүнө таандык кыймылсыз мүлктөрдүн ишенимдүү топтомун түзүүгө жетишти.
"Кыймылсыз мүлктү менчикке сатып алуу – бул мамлекет үчүн узак мөөнөттүү пайда. Мисалы, Нью-Йоркто биздин өзүбүздүн жумушчу кеңсебиз, элчиликтин жана резиденциянын имараттары, ошондой эле төрт батирибиз бар. Франция менен Германиядагы элчиликтердин имараттары, анын ичинде миссия башчысынын Германиядагы резиденциясы толугу менен Кыргызстандын менчиги болуп саналат, ал эми жакында Венгриядан расмий кеңсе сатып алдык.
Ушундай эле иштерди КМШ жана Азия өлкөлөрүндө да жүргүздүк. Түркмөнстанда, Өзбекстанда (Ташкент), Тажикстанда (Душанбе), Түштүк Кореяда, ошондой эле Казакстандын Астана жана Алматы шаарларында өзүбүздүн дипломатиялык объекттерибиз ачылды. Сауд Аравиясында Кыргызстан элчиликтин да, башкы консулдуктун да имараттарын толугу менен сатып алууга жетишти. Ал эми Иран менен башка жолду тандап – өз ара негизде 50 жылдык мөөнөткө кыймылсыз мүлк алмашуу тууралуу келишим түздүк", – деп түшүндүрдү министр.
Ал белгилегендей, учурда ведомство өз ишмердүүлүгүнүн географиясын дагы кеңейтүүдө. ТИМ Кытай менен Түркиядан жер тилкелерин сатып алган. Азыр ал жакта архитектуралык долбоорлор бекитилип, жакында имараттарды өз алдынча куруу иштери башталат. Мындан сырткары, БАЭде (Дубай жана Абу-Даби шаарларында) элчилик менен башкы консулдуктун муктаждыктары үчүн кыймылсыз мүлк сатып алуу боюнча активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
"Бирок айрым Европа мамлекеттеринде кыргызстандык дипломаттар бюрократиялык тоскоолдуктарга жана жергиликтүү мыйзамдардын өзгөчөлүктөрүнө туш болушууда. Мисалы, министрлик Женевадагы (Швейцария) элчиликтин имаратын сатып алуу боюнча келишимди экинчи жыл катары менен аягына чыгара албай келет. Тармактык министрликтер бардык зарыл болгон уруксаттарды бергенине карабастан, жергиликтүү бийлик органдары бул процессти бөгөттөп жатышат. Алар өз позициясын жер жана андагы курулуштар өзгөчө түрдө жергиликтүү жарандардын же компаниялардын гана менчигинде калышы керек деген жүйө менен түшүндүрүүдө. Кыймылсыз мүлктү сатып алууну макулдашуу 3 айдан 6 айга чейин созулган Австриядагы келишимдер да көп убакытты талап кылууда", - деди ал.