Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Кыргызстандын чек арасынан өткөн бардык мөмө-жемиштер тыкыр текшерүүдөн өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин башкы адиси Алтынбек Баясов билдирди.
Анын айтымында, жыл башынан бери Кыргызстанга Египет, Өзбекстан, Кытай жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдөн 181 тонна кулпунай, ал эми Кытай, Иран жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн 184 тонна дарбыз алып келинген. Бүгүнкү күндө базарларда жергиликтүү кулпунайлар чыга баштады.
Ал белгилегендей, ар бир жүк бажыдан нитраттарга текшерилип, андан соң тыкыр текшерүү үчүн лабораторияга жөнөтүлөт. Эгерде продукциядан пестициддер, же курт-кумурскалар табылса, жүк өлкөгө киргизилбейт. Текшерүүнүн жыйынтыгы жакшы болсо, анда бул продуктылар биздин дасторконубузга келет.
“Азыр мөмө-жемиштердин импортунун деңгээли төмөндөдү, анткени жергиликтүүлөр пайда боло баштады. Көп адамдар эрте кулпунай эмне үчүн даамдуу эмес деп сурашат. Менимче, бул сорттун өзгөчөлүгүнө жараша болот. Өлчөмү чоң, даамдуу кулпунай да бар. Учурда биздин дыйкандар да экспортко чыгып, жергиликтүү рынокко сатылган продукцияны өндүрүүнү артык көрүшөт. Мисалы, азыр Европадан сортторун алып келип өстүргөндөр көп. Мурда биз жеп жүргөн жергиликтүү кулпунайды ташуу кыйын, бирок жаңы сорттору ташууга чыдап, баштапкы көрүнүшүн жоготпойт”, - деди ал.
Баясов ошондой эле эрте бышкан кулпунай жана мөмө-жемиштердин башка түрлөрү химиялык заттар менен толтурулган деген кооптонуулар таптакыр туура эмес экенин белгиледи.
Анткени бардык минералдар жана химиялык заттар өсүмдүктөрдүн өсүшүнө жана зыянкечтерден коргоого жумшалат. Ал эми бул заттар бир жуманын ичинде толугу менен жок болот. Анткени, химиялык заттар жана кээ бир препараттар колдонуунун алдында эле чачылбайт, ошондуктан бул тынчсыздануулар негизсиз.