Бишкек, 10.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү АКШнын Колорадо штатынын Денвер шаарында өтүп эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышууда.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 6-апрель күнү башталган окуу машыгуу жыйыны 12-апрель күнү жыйынтыкталат.
Ошондой эле улуттук курам 15-19-апрель күндөрү Колорадо штатынын Пуэбло шаарында өтө турган эл аралык ачык мелдешке катышат.
Курама команданын тизмеси:
- 50 кг Анвар Ходжиев;
- 55 кг Зафарбек Камилов;
- 55 кг Санжай Сейдакматов;
- 60 кг Мунарбек Сейитбек уулу;
- 65 кг Алмаз Орозбеков;
- 70 кг Элдар Турдубаев;
- 70 кг Ихтияр Нишанов;
- Данияр Төлөгөн уулу башкы машыктыруучу;
- Акыйкат Абаев улук машыктыруучу.