Кыргызстандын бокс боюнча курамасы АКШдагы эл аралык мелдеште 4 алтын медаль жеңди

Спорт Загрузка... 21 Апрель 2025 09:45
490806682_18353867575196946_5411284942308793942_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Американын Колорадо штатынын Пуэбло шаарында өткөн эл аралык ачык мелдеште 6 медаль - 4 алтын, 1 күмүш, 1 коло жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Алтын медалын ээлери:
50 кг Анвар Ходжиев;
55 кг Зафарбек Камилов;
60 кг Мунарбек Сейитбек уулу;
70 кг Ихтияр Нишанов

Күмүш медалдын ээси:
70 кг Элдар Турдубаев;

Коло медалдын ээси:
65 кг Алмаз Орозбеков;

Курама команда башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.