Бишкек, 04.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын белгилүү артисттери VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын гимнин аткарышты.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашкандай, гимндин жазылышына Актан Исабаев, "Nomad" триосу, Самат Сыдыков, Бегимай Турусбекова, Малика Дина, Каныш жана Элнура Самарбекова катышты.
Гимндин музыкасынын автору — Эмил Эгенн Кенжекулов, сөзүнүн автору — Уланбек Абдрахманов.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын гимни көчмөн элдердин рухун, улуттук баалуулуктарды, ошондой эле биримдик жана достук идеяларын чагылдырат.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.