Бишкек, 20.10.25. /Кабар/. Бүгүн, 20-октябрда өлкө боюнча бардык шайлоо тилкелеринде тесттик добуш берүү өтүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындан тышкары Бишкек шаарында үч аралыктан добуш берүү тилкеси ачылган: Дордой базарында (Алкан базары), Азия Моллдо жана Дордой Плазада.
Шайлоо процессинин бардык катышуучуларын тесттик добуш берүүдөн өтүүгө чакырабыз - сиз каалаган тилкеге келип, жаңы системаны жеке өзүңүз сынап көрө аласыз.
Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөбүздүн шайлоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы, активдүү жарандык позициясы жана катышуусу үчүн бардыгына терең ыраазычылык билдирет.
Тесттик аралыктан добуш берүүнүн биринчи этабы үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында өткөн, ал эми кийинкиси 30-октябрда өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.
БШКнын маалыматына ылайык, алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирди. 30-октябрга чейин шайлоочулар тизмеден өзүн такташы керек болот.
Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылат.