Өлкөнүн бардык аймактарында айыл чарба жарманкелери өтүүдө – сүрөт

Коом Загрузка... 25 Ноябрь 2025 09:27
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен республиканын бардык аймактарында азык-түлүк жарманкелери уюштурулууда.

Ведомстводон маалымдашкандай, мындай жарманкелер 2026-жылдын июнь айына чейин уланат.

Ар бир районго жарманке өткөрүүгө атайын график боюнча аптанын күндөрү бөлүнгөн. Райондордогу тиешелүү кызматкерлер түзүлгөн график боюнча жарманке уюштурууга милдеттендирилген.

Жарманкеде азык-түлүктөр базардагыдан арзан баада сатылып жатат. Келгендер керектүү тамак-аштарды бир аптага жетерлик сатып алса болот.

"Учурда республика боюнча негизги азык-түлүк продукциялары боюнча эч кандай тартыштык жок, азык түлүк кору жетиштүү. Жарманкелер ички рынокту туруктуу камсыздоону улантуу жана жарандарга сапаттуу азыктарды жеткиликтүү баада сунуштоо максатында уюштурулууда", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик мындай демилгелер айыл чарба тармагын колдоого жана региондордун экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө болорун белгилейт.