Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Кыргызстанда банктардын насыя портфели 2025-жылдын аягына карата 506 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков маалымат жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, 2025-жылы насыя портфелинин өсүшү 48,8%пайызды түзгөн.
"Биздин өлкөдө насыя берүү кыйла жогору темп менен өсүүдө", - деп билдирди Козубеков.