Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. 2026-жылдын 30-июнуна карата Кыргызстанда 26 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, банк секторунун жалпы активдери жыл башынан бери 30,2 пайызга өсүп, 1 трлн 577,3 млрд сомду түздү. Банктардын кардарларга берген кредиттеринин көлөмү 18,9 пайызга көбөйүп, 602,6 млрд сомго жетти.
"Ошол эле учурда банктардын жалпы депозиттик базасы 6,8 пайызга өсүп, 924,7 млрд сомду түздү. Ислам принциптерине ылайык каржылоонун көлөмү жыл башынан бери 35,4 пайызга өсүп, 26 млрд сомго жетти. Учурда алты коммерциялык банк ислам банк ишинин принциптери боюнча кызмат көрсөтөт", - деп айтылат маалыматта.