Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Кыргызстандын балы Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн рынокторун багындырууда. Өлкө 2025-жылдын тогуз айында 237,2 тонна бал экспорттогон. Ал эми бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,2 тоннага көп. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы билдирди. 2024-жылы 211,1 тонна бал экспорттолгон.
Ведомствонун маалыматына ылайык, быйылкы январь–июнь айларында балдын экспортунун наркы 54 млн сомдон ашкан (тактап айтканда, болжол менен 620 миң доллар). Ошондой эле балды импорттоо дээрлик эки эсеге кыскарган - 2024-жылы 45,3 тонна болсо, 2025-жылы 18,5 тоннаны түзгөн. Ал эми бул ички өндүрүштүн өсүп, жергиликтүү продукцияга болгон ишенимдин жогорулаганын көрсөтөт.

Балды экспорттоонун негизги багыттары
Кыргызстандын балы 15тен ашык мамлекетке жөнөтүлөт.
Ири импортер өлкөлөр:
- Кытай — 106,15 т
- Бириккен Араб Эмираттары — 37,48 т
- Өзбекстан — 30,12 т
- Кувейт — 15,2 т
- Түштүк Корея — 8,23 т
- Катар — 7,28 т
- Россия — 6,3 т
- Япония — 12,88 т
- АКШ — 4,12 т
- Бахрейн — 3,47 т
- Канада — 1 т
- Малайзия — 1,2 т
- Казакстан — 1,5 т
- Албания — 1,07 т
- Иордания — 0,5 т
- Азербайжан — 0,22 т
- Сауд Аравиясы — 0,1 т
- Косово — 0,1 т
- Австрия — 0,03 т

Кыргыз балынын атаандаштык артыкчылыктары
Эксперттер Кыргызстандын экологиясы таза болуп эсептелинип, анын жаратылыш аймактары менен тоо-талаалары ар түркүн жана чөптөргө бай келгендиктен балга өзгөчө даам берет деп эсептешет. Бул аны Азия жана Жакынкы Чыгыш рынокторунда атаандаштыкка жөндөмдүү кылып, ал эми таза продукция болгон суроо-талап улам өсүүдө. Ал эми экспорттук абалды бекемдөө аарычылыкты өнүктүрүп, айылдык өндүрүүчүлөрдүн кирешесин жогорулатат.

Кыргызстанда өндүрүлүп жаткан балдын негизги түрлөрү
Тоо балы – Нарын, Ысык-Көл, Ош жана Баткен облустарында жасалган эң популярдуу балдардын бири. Буркураган чөптүн жыты жана бир аз ачуу аралашкан даамы менен өзгөчөлөнүп турат.
Эспарцет балы - жумшак, ачык түстүү, карамель даамданган бул бал - Талас, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жасалат.
Липа балы — жыпар жыты жана дарылык касиети бар бул бал – көбүнчө түндүк аймакта жасалат.
Донник балы - жеңил, ваниль жыты бар жана узак убакыт кристалданбай сакталат.
Ар түрдүү чөптөрдөн (талаа) жасалган бал - ар түрдүү чөптөрдүн жытын камтыйт.
Күн карама жана пахта балы — негизинен түштүк аймакта өндүрүлүүчү түрү. Көбүнчө чоң көлөмдө ички рынокко чыгарылат.
Акация балы (сейрек) - тунук жана таттуу келип, буга диеталык тамактанууда суроо-талап жогору.
Өлкөдө көбүнчө “Ысык-Көлдүн тоо балы” жана “Кыргызстандын таза балы” деген бренд менен аймактардагы мыкты балдардан турган аралаш сорттогу балдар экспортко чыгарылат.