Кыргызстандын Астанадагы жаңы элчилигинин имараты эки эсе чоң – элчи

Коом Загрузка... 05 Сентябрь 2025 09:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 04.09.25. /Кабар/. Элчилигибиз үчүн имарат издөөдөгү негизги шарттардын бири жарандарыбыз үчүн ыңгайлуу жерде жайгашуусу болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшөкеев билдирди.

Анын айтымында, жаңы имарат издеп жатканда Астана шаарынын бардык райондорун карап чыгып, ушул дарекке токтолушкан.

"Бул жерге биздин жарандар унаа, автобус, такси, жадагалса велосипед менен да оңой жете алышат. Жайгашуусу абдан ыңгайлуу. Бул имарат мурунку имаратыбызга караганда эки эсе чоң. Эгер эски имараттын аянты 554 чарчы метр болсо, жаңы элчиликтин аянты 1250 чарчы метрди түзөт. Имарат үч кабаттан турат. Жаңы элчилик бардык керектүү техникалык шарттар менен толук жабдылган”, - дейт ал.

Анын айтымында, 2017-жылга чейин имаратты алмаштыруу маселеси болгон эмес, анткени шаардын башкы планы боюнча эски дарекке жаңы көп кабаттуу үйлөр курулушу керек болчу. Бул дипломатиялык шаарча болчу.

1345262.164c95.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

"Көптөгөн элчиликтер бул даректен көчүп кетишкен, ал жакта биздин гана элчилик калган. Казакстандын бийлигинен көп каттар келип, бирок бул маселе 2017-жылдан бери чечилбей келген. Көптөгөн кыйынчылыктар болду, анткени жаңы элчилик үчүн жер жана имарат маселеси чечилбегендиктен, биз мурунку ордубузда кала бердик. Бирок, айланада ири курулуш жүрүп жаткандыктан, коммуникацияларыбыз жабыркап, кээде байланыш жок, суу жок, ызы-чуу, кирүү-чыгуу кыйын болчу, анткени курулуш техникасы дайыма иштеп турган. Эки лидердин — Кыргызстан менен Казакстандын президенттеринин макулдашуусунун аркасында Касым-Жоомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында келишимге кол коюлуп, биз жаңы имаратка көчүп өттүк”, - дейт Дүйшөкеев.

Эскерте кетсек, күн мурун Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жаңы имаратка, тагыраагы, Астана шаары, Кыз-Жибек көчөсү, 28/3 дарегине көчкөнү белгилүү болгон.