Бишкек, 06.11.25 /Кабар/. Кыргызстандын альпинизм курама командасынын баштапкы курамында бир дагы кыргыз болгон эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов “Кабар” маалымат агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин белгилүү кыргыз улутундагы альпинисттер дээрлик болгон эмес. Болгону бир гана атактуу кыргыз альпинисти Мамасалы Сабиров болгон.
"Ал дагы Токтогул ГЭСин куруп жатканда тоо-таштарды бургулоо, жардыруу иштерин жүргүзүп жүрүп, альпинизмге аралашкан. Натыйжада спорттун бул түрү боюнча чеберликке талапкер макамын алган. Ал эл аралык “Ак илбирс” наамына жетишкен жана кийин Жогорку Советтин депутаты да болгон. Бирок, андан башка белгилүү кыргыз альпинисттери чыккан эмес. Себеби, биз ошол убакта айылдан шаарга качып калган убакыт болчу”,-деди Кубатов.
Ал белгилегендей, БУУнун статистикасына караганда Кыргызстан эң тоолуу өлкөлөрдүн катарында турат. Бирок, бир кезде эл тоонун баалуулугун жетишерлик баалабай калган.
"Азыр болсо кырдаал өзгөрдү. Альпинизм акыркы жылдары өнүгүп жатат. Айрыкча, COVID-19 пандемиясы кыргыз альпинизмине жол ачты десем болот. Чет өлкөлөргө чыга албай калган кезде, биз өз өлкөбүздү изилдей баштадык. Тоолорго, көлдөргө чыга баштадык. Ошондо гана кандай кооз, жаратылышы бай өлкөдө жашап жатканыбызды түшүнүп баштадык. Ошол жылдары мен Эвересттин чокусуна чыгып, кыргыздын ак калпагын кийип, желегибизди көтөрүп, ошол жерден элимде кайрылуу жасагам. Ошондо кыргыз эли ишенип, “Бизде да болот турбайбы, кыргыздар да дүйнөдөгү эң бийик тоолорго чыга алат турбайбы” дей башташты. Ошондон тарта кыргыз альпинизмине жаңы жол ачылды десем болот. Жаштарыбыз, айымдарыбыз альпинизмге кызыга башташты. Башында Кыргызстандын Альпинизм федерациясында болгону 34 киши эле бар болчу. Азыр болсо федерациянын курамында 1 миңден ашуун мүчө бар. Алардын 50 пайызы кыргыздар. Тарыхта биринчи жолу кыргыздар арасынан альпинизм боюнча спорт чеберлери чыга баштады”,- деди Кубатов.