Кыргызстандын текстиль тармагы экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө

Экономика 269 22 Июль 2026 09:50
752807278_18100352663343965_1154785867801503768_n.jpg
753225052_18100352684343965_6968747905680850186_n.jpg
753513229_18100352636343965_4926392272217921735_n.jpg
753534506_18100352645343965_2355036915871495889_n.jpg
753733112_18100352681343965_5447549942194004162_n.jpg
755056163_18100352654343965_5344086800712280101_n.jpg
751371348_18100352618343965_1567240623569803597_n.jpg
751738078_18100352633343965_5905656164704508651_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Өзбекстандын Ташкент шаарында "Экспорттук акселерация" программасынын алкагында кыргызстандык текстиль жана тигүү тармагынын өндүрүүчүлөрүнүн үч күндүк бизнес-миссиясы башталды.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чараны Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү, "Кыргыз экспорт" мамлекеттик мекемеси жана Текстилди өнүктүрүү борбору уюштурду.

Бизнес-миссияга өлкөнүн 35тен ашык текстиль жана тигүү ишканасынан 52 өкүл катышууда. Анын негизги максаты – кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн Өзбекстан рыногуна чыгышына көмөктөшүү жана эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын чыңдоо.

Программанын алкагында делегация TFT Expo 2026 эл аралык көргөзмөсүнө катышып, жаңы өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ошондой эле ишкерлер Uzum Market компаниясынын логистикалык борборуна барып, кыргыз продукциясын маркетплейс аркылуу сатуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Мындан тышкары, төрт кыргызстандык ишкерге Өзбекстанда юридикалык жактарды каттоого көмөк көрсөтүлүп, бул алардын өлкөдө ишмердүүлүгүн жүргүзүп, продукциясын онлайн сатууга жол ачты. Делегациянын өкүлдөрү ошондой эле Өзбекстандын ири текстиль ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышмакчы.