Кыргызстандын 327 мамлекеттик кызматкери Японияда билим алды

Коом 22 январь 2026 15:55
619060608_904213401980274_2420550643330005320_n.jpg
616814869_904213451980269_8047363113559812074_n.jpg
618162327_904213368646944_6361746107600157628_n.jpg
Алдыга
Артка
619060608_904213401980274_2420550643330005320_n.jpg
616814869_904213451980269_8047363113559812074_n.jpg
618162327_904213368646944_6361746107600157628_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик кызмат агенттиги

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити менен жолукту.

Агенттиктин маалыматына караганда, тараптар кадрдык потенциалды өнүктүрүү багытындагы кызматташтыкты, өзгөчө JICA жана JICE менен биргеликте ишке ашырылып жаткан JDS стипендиялык программасынын жыйынтыктарын талкуулашты.

Маалымдалгандай, JDS долбоорунун алкагында 20-топ боюнча магистратура жана докторантура программаларына адистер даярдалып, Япония өкмөтү 399 млн иен грант бөлгөн.

2006-2025-жылдары Японияда Кыргызстандын 327 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкери, ошондой эле "Жаш лидерлер" программасы аркылуу 28 адис билим алган.

Жолугушууда JDS программасынын квотасын 50 орунга, "Жаш лидерлер" программасын 10 орунга чейин кеңейтүү сунушталды. Элчи Хирано Рюити жапон тарапка тиешелүү сунуштарды жеткирүүгө даяр экенин билдирди.

Жыйынтыгында 2026-жыл эки тараптуу кызматташтык үчүн маанилүү жыл экени, анткени JDS программасынын 20 жылдыгы жана JICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн 25 жылдыгы белгиленери айтылды.