Бишкек, 13.08.25. /Кабар/. “Кыргызстандын 100 лидер айымы” программасынын катышуучуларына күбөлүктөр тапшырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Индира Шаршенова “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 7-мартындагы жарлыгынын негизинде аялдардын лидерлигин колдоо боюнча “Кыргызстандын 100 лидер айымы” программасы иштелип чыккан. Анын алкагында лидер аялдар тандалып алынып, окутуулар уюштурулуп жатат. Алгачкы эки топтун катышуучуларына бүгүн күбөлүктөр берилди.
“Иш-чаралар планын аткаруу жана аялдардын лидерлигин колдоо максатында биздин агенттик Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен бир катар иш-чараларды өткөрдү. Анын ичинде аким, мэрлердин орун басарларын, жергиликтүү кеңештердин төрайымдарын, айыл өкмөт башчыларын жана кадрлар резервинде турган аялдарды топтоп үч айлык аялдардын лидерлигинин программасынын алкагында окутууларды жүргүздүк. Бул иштер Кыргызстандын 2030-жылга чейинки улуттук өнүгүү программасында да камтылган. Катышуучулар аялдардын лидерлигин колдоо, гендердик теңчилик, жоопкерчиликтүү аталык, санариптик трансформация жана башка маселелер боюнча окутуудан өттү. Эми алар өздөрү түзгөн планын жер-жерлерде ишке ашырат жана аймактардын өнүгүүсүнө салым кошот деп ишенебиз”, - деди ал.
Индира Шаршенова белгилегендей, эми үчүнчү топту тандоого жарыя берилет. Ага лидерлик сапаты жана алдыга койгон максаты бар аялдардын катышууга мүмкүнчүлүгү бар.