Кыргызстандыктарга шайлоонун жаңы эрежелерин түшүндүрүү иштери активдештирилет

Коом Загрузка... 15 Сентябрь 2025 14:11
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon БШК

Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров атайын өкүлдөр, системдик администраторлор жана аппараттын кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, калк арасында түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүнү тапшырды.

Ведомствонун маалыматына караганда, бул иштер "КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу жүргүзүлөт.

Төрага ар бир айылга, районго жана шаарга бир шайлоочу ар бир көп мандаттуу шайлоо округунда көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен бир гана талапкерге добуш бере алат деген маалыматты жеткирүү зарылдыгын баса белгиледи.

"Калктын арасында 30 көп мандаттуу округдун ар биринен үч депутат шайланат, демек бюллетенде жалпы талапкерлердин ичинен үчөөнө белги коюу керек, деген туура эмес түшүнүк болууда. Ар бир шайлоочу бюллетенде бир эле талапкерге белги коё алат. Болбосо, бюллетень жараксыз деп табылат", - деп түшүндүрдү Шайназаров.

Ал жер-жерлердеги атайын өкүлдөрдү айыл өкмөттөр жана башка жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташып, бул маалыматты ар бир жаранга жеткирүүгө чакырды.