Кыргызстандыктардын Кореяда ишке орношуусу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда

Коом Загрузка... 27 Июнь 2025 09:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 27.06.25. /Кабар/. Күн мурун Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Кореянын Глобалдык өнүктүрүү жана кадрларды даярдоо институтунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, документке борбордун директору Бактыбек Кудайбердиев жана институттун президенти Чой Ин Сунг кол коюшту.

Меморандум Кыргызстандын жарандарын Кореяда ишке орноштурууга көмөктөшүүгө, кесиптик алмашууну өнүктүрүүгө, ишке орноштуруу, миграция жана кесиптик билим берүү тармагында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.

Иш-чарага Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова, Монголиядагы мурдагы элчи жана мурдагы ардактуу консул Ким Чен Гу катышты.

Эмгек министри Равшанбек Сабиров Меморандумга кол коюу Кыргызстандын эл аралык стандарттарга жооп берген кадрларды даярдоонун эффективдүү системасын түзүүгө умтулуусун чагылдырарын белгиледи.

Өз кезегинде элчи Аида Исмаилова Корея менен туруктуу өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилеп, дипломатиялык өкүлчүлүк тарабынан келишимдин жоболорун ишке ашырууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Келишим чет өлкөдө иштөөнү каалаган кыргызстандыктар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөө жолундагы маанилүү кадам болуп саналат.