Кыргызстандыктарды Түркияга ишке орноштурган 4 компаниянын иши токтотулду

Коом Загрузка... 13 Январь 2026 12:20
1480418.1.1542014545.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Түркияда кыргызстандыктарды ишке орноштуруудагы мыйзам бузууларга байланыштуу 4 компаниянын иши токтотулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору мониторинг жүргүзүп, Түркияга жумушчу жөнөтүүчү айрым компанияларда төмөндөгүдөй мыйзам бузууларды аныктаган:

  • Уруксат алууда мамлекеттик органга жалган маалыматтарды берүү;
  • Түркиядагы иш берүүчү же ортомчу уюмдар менен болгон чыныгы кызматташтыгы тууралуу маалыматтарды жашыруу;
  • Министрлер кабинети бекиткен жобонун талаптарын сактабоо.

Натыйжада төмөнкү компаниялардын иши убактылуу токтотулду:

  1. "Голден ворк & тревел" ЖЧК;
  2. "Айрис Тревел" ЖЧК;
  3. "Рамай-Саякат" ЖЧК;
  4. "Аска-Трэвел" ЖЧК.