Кыргызстандыктарды Канадада жумушка орноштуруу маселеси талкууланды

Коом Загрузка... 24 Сентябрь 2025 09:00
550170405_1205949068235268_4107438674507109698_n.jpg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Канаданын Кыргызстандагы элчиси Кристофер Дагган менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгынын кеңири спектри боюнча маселелерди талкуулашты.

Айрыкча Бишкекте кыргыз-канадалык тышкы иштер министрликтеринин консультацияларын өткөрүү жана парламенттик байланыштарды өнүктүрүү аркылуу саясий диалогду тереңдетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык, канадалык бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана канадалык компаниялардын артыкчылыктуу секторлорго кирүүсүн кеңейтүү маселелери каралды.

Ошондой эле тараптар гуманитардык багыттагы кызматташтык маселелерин талкуулашты, анын ичинде билим берүү, маданият, спорт жана туризм, ошондой эле Кыргызстандын жарандарын Канаданын аймагында жумушка орноштуруу жана квалификациялуу кадрларды даярдоо.

Соңунда кызматташтыкты активдештирүүгө жана кыргыз-канадалык мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө даяр экендигин тастыкташты.