Кыргызстандыктарды Германияга жумушка орноштуруу маселеси талкууланды

Коом Жүктөлүүдө... 03 Июль 2026 15:50
734101235_1522221219373468_3807169402377878249_n.jpg
735393846_4392981260923413_1231126264476031564_n.jpg
736261051_1049841774271504_6412061024436679115_n.jpg
737028443_1734634794627791_7785055795833612414_n.jpg
737325517_27260674606934352_3122211790256811714_n.jpg
737786409_27769253846002210_1177291342091193559_n.jpg
737978121_4019934951642832_1035693811645640428_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Күн мурун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов Германиянын Мекленбург – Алдыңкы Померания федералдык жеринин Экономика, инфраструктура, туризм жана эмгек министрлигинин статс-катчысы Йохен Шульте менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар эмгек рыногундагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын, ошондой эле эмгек миграциясы жаатындагы эл аралык жана эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты.

Эмгек миграциясын туура жөнгө салуу, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, кыргызстандыктарды Германияга уюшкан түрдө ишке орноштуруу механизмдерин өнүктүрүү жана бул багытта тажрыйба алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар социалдык-эмгек тармагындагы өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого жана эки өлкө ортосундагы кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.