Кыргызстандыктар өз айылдарында айыл өкмөт башчысы болуп шайлана алышат

Коом Загрузка... 25 Сентябрь 2025 15:25
0c95146c-8559-4254-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Жогорку Кеңеш айыл тургундарына өз айылында айыл өкмөтүнүн башчысы (жергиликтүү администрация) болуп шайланууга мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоорун кабыл алды.

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу документ парламент тарабынан дароо үч окууда жактырылды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу буга чейин айыл тургуну өз айылында эмес, башка айылда же аймакта гана айыл өкмөт башчысы болуп шайлана ала турган тартип колдонулуп келгенин эске салды.

“Бирок практика көрсөткөндөй, мындай кадрдык ротация натыйжалуу болгон жок, айыл өкмөт башчылары кызматында узак кармалышкан эмес. Биз айыл тургундары өз айылында гана жемиштүү иштеп, өз айылдаштарына кызмат кыла алышарына ынандык. Ошондуктан мындай өзгөртүүлөр киргизилип жатат”, - деп баса белгиледи ал.

Кабыл алынган мыйзам мурдагы чектөөлөрдү алып салып, жергиликтүү тургундарга өз айылындагы өз алдынча башкаруу органдарын жетектөөгө жол ачмакчы.