Кыргызстандыктар майда көмүрдүн сатылып жатканына нааразы. “Кыргызкөмүр” эмне дейт?

Коом Загрузка... 28 Октябрь 2025 15:57
11123852_0_240_1280.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. «Кыргызкөмүр» ААКнын директору Кайрат Маматов «Кабар» агенттигине Бишкек жана Чүй облусунун тургундарынын майда көмүрдүн сатылышына болгон нааразычылыктарына жооп берди.

Анын айтымында, октябрь айынын ортосунда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда майда көмүрдү сатууга тыюу салынган.

«Бул чечим экологияны сактоо максатында кабыл алынган. Ошондуктан майда көмүрдү сатууга болбойт жана биз аны сатпайбыз. Кара-Кечеде атайын сорттоочу комплекс орноттук. Ал көмүрдү иргеп фураларга жүктөйт. Фуралар көмүрдү отун базаларына жеткирет, ал эми элге жеке ташуучулар сатышат. Жакында мага бир жаран майда көмүр сатылып жатканы тууралуу видео жиберди. Мен ишенимдүү түрдө айтам — “Кыргызкөмүр” майда көмүр сатпайт. Биз аны отун базаларынан кайра чогултуп, артка алып кетебиз», — деди Маматов.

Ал белгилегендей, майда көмүрдү “Кыргызкөмүр” эмес, жеке ташуучулар сатышууда.