Кыргызстандыктар үчүн дүйнөнүн 34 өлкөсүндө шайлоо участкалары иш алып барат - БШК төрагасы

Шайлоо Загрузка... 29 Ноябрь 2025 13:23
WhatsApp Image 2025-11-29 at 10.13.28 (1).jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.11.25 /Кабар/. Кыргызстандыктар үчүн дүйнөнүн 34 өлкөсүндө жана 89 шаарында шайлоо участкалары иш алып барат. Бул тууралуу эл аралык байкоочулар үчүн өткөрүлгөн маалымат брифинги учурунда БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.

Төраганын айтымында, өлкөдөн сырткары жүргөн жарандардын шайлоо укугун камсыздоо үчүн Тышкы иштер министрлигинин сунушу менен чет өлкөлөрдө 100 шайлоо участкасы ачылды.

“Тышкы миграциянын жогорку деңгээлин эске алуу менен чет өлкөлөрдөгү биздин мекендештердин добушу абдан маанилүү.

Алардын ичинен Россиянын 31 шаарында, алардын ичинен 15 жаңы шаарында 40 шайлоо участкасы уюштурулду.

Андан сырткары, Түркияда - 8, Казакстанда - 7, АКШда - 6, Кореяда - 4, Италияда - 3 жана ошондой эле Германия, Кытай, БАЭ, Сауд Аравиясында 2ден участкалар ачылды. Калган 24 өлкөдө бирден уюштурулду”,-деп белгиледи Шайназаров.