Кыргызстандык жаш тарыхчылар Өзбекстанда форумга катышты

Коом Загрузка... 27 Август 2025 16:41
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 27.08.25. /Кабар/. Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жаш изилдөөчүлөрү Ташкентте өткөн жаш тарыхчылардын IV жайкы форумуна катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Ташкенттеги элчилиги кабарлады.

Иш-чаранын максаты — жаш адистердин илимий деңгээлин жогорулатуу, келечектеги кызматташтыкты кеңейтүү жана тарых илимин тереңдетүү. Форумдун алкагында Борбор Азиянын тарыхы, КМШ мамлекеттеринин саясий өнүгүүсү, түрк элдеринин маданияты жана тарыхый байланыштары боюнча маанилүү темалар талкууланды.

ОшМУнун "Кыргыз тарыхы жана этнография" кафедрасынын окутуучусу Улукмырза Эрмекбай уулу форумдун кыргызстандык жаш изилдөөчүлөр үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин белгиледи. "Бул жерде Казакстан жана Өзбекстандан келген жаштар менен таанышып, илимий изилдөө темаларыбыз боюнча пикир алыштык. Жалпы Борбор Азиянын тарыхындагы көйгөйлүү маселелер менен да тааныштык", — деди ал.

Форумга И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, ОшМУ жана Жалал-Абад университетинен келген жалпы 11 жаш изилдөөчү катышты.

Эскерте кетсек, буга чейин Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстан Илимдер академиясынын Тарых институтунун директору, академик Азамат Зиё менен жолугуп, эки өлкөнүн тарыхчылары ортосундагы кызматташтыкты жандантуу маселелерин талкуулаган.