Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасы (U-17) Азия чемпионатында 2 алтын, 3 күмүш, 2 коло медаль жеңди.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Вьетнамдын Вунг Тау шаарында өттү.
Командалык эсепте Кыргызстан 168 упай менен 3-орунду ээледи.
Алтын медаль ээлери:
51 кг Ислам Курбанов;
55 кг Алихан Абдрасулов;
Күмүш медаль ээлери:
60 кг Эмир Эмилов;
65 кг Нурбек Жумабаев;
71 кг Кубаныч Анарбеков;
Коло медаль ээлери:
45 кг Байгелди Өмүрбеков;
92 кг Санжар Сталбеков;
Курама команда улук машыктыруучу Дастан Мухтаровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.