Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Кыргызстандын жети облусунан келген жаштар уюмдарынын лидерлери жана активисттери "Евразия" коммерциялык эмес уюму (АНО "Евразия") тарабынан ишке ашырылып жаткан "Россияны тааны" ("Узнай Россию") аттуу эл аралык агартуу долбооруна катышты.
Программанын алкагында катышуучулар Россиянын борборунда маданияты, тарыхы жана заманбап жетишкендиктери менен таанышып, беш күн бою мазмундуу сапар өткөрүштү.
"Евразия" уюмунун маалыматы боюнча, иш сапардын программасына Москва шаарына обзордук экскурсия, Кызыл аянтка (Красная площадь), "Москва-Сити" бизнес борборуна, Добро.РФ платформасынын кеңсесине, "Элдин эрдиги" экспозициясы менен Жеңиш музейине, ошондой эле "Девчата" аттуу театралдык көрсөтүүгө баруу кирген.
Мындан тышкары, катышуучулар Россиянын студенттик отряддарынын мультимедиялык мейкиндигинде интерактивдүү обзордук экскурсияга катышып, ал жерде социалдык маанилүү демилгелерди ишке ашырып жаткан жаштар жана коомдук уюмдардын ишмердүүлүгү менен таанышышты.
Ошондой эле катышуучулар үчүн "Россия" улуттук борборундагы көргөзмөгө экскурсия уюштурулуп, анда алар бүгүнкү күндө ишке ашырылып жаткан жаңы технологиялардын дүйнөсүнө сүңгүп киришти.
Программанын алкагында ашпозчулук мастер-классы, "Россияны тааны" аталышындагы квиз (викторина) жана Кыргызстанда социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча брейншторм (акыл чабуулу) өткөрүлдү.
Катышуучулар "Евразия" коммерциялык эмес уюмунун төрайымы жана Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Алена Аршинова менен жолугушууга өзгөчө көңүл бурушту. Жолугушууда алар кызматташтык маселелерин жана жаштар демилгелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Катышуучулар белгилегендей, бул сапар дүйнө таанымын кеңейтүүгө, азыркы Россиядагы жашоо тууралуу көбүрөөк билүүгө жана анын илимий-техникалык прогрессин өз көздөрү менен көрүүгө мүмкүндүк берди. Программа аяктагандан кийин бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
"Россияны тааны" долбоорунун өзгөчөлүгү – ал катышуучуларга өлкө менен сырттан эмес, жеке таанышууга, анын өнүгүүсү жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу өз пикирин калыптандырууга шарт түзөт. Уюштуруучулардын пикири боюнча, мындай элдик дипломатия демилгелери Кыргызстан менен Россия элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана достукту чыңдоого өбөлгө түзөт.