Кыргызстандык жаран Сары-Челек көлүн сүзүп өттү

Коом Загрузка... 18 Август 2025 12:09
copyright icon WWW

Бишкек, 18.08.2025. /Кабар/. "Асман Ойл Компани" ЖЧКнын кызматкери Сары-Челек көлүн 2 саат 22 минутта сүзүп өттү. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын жетекчиси Манасбек Самидинов социалдык тармакка жазды.

Анын маалыматына караганда, 16-августта деңиз деңгээлинен 1 873 метр бийиктикте Жалал-Абад облусундагы Сары-Челек биосфералык коругун сактоого багытталган уникалдуу спорттук иш-чара өтүп, жаратылыш аймактары жөнүндө мыйзамдарды так сактоо тууралуу эскертилди.

"Башкы каарман катары белгилүү спортчу, бийик тоолуу сууда сүзүү боюнча рекордчу жана "Кыргызстан аэропорттору" ААКтын туунду ишканасы — "Асман Ойл Компани" ЖЧКнын авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкери Султан Жумабек уулу болду. Ал буга чейин сууда сүзүү боюнча дүйнөлүк рекорду жана Соң-Көлдөгү жеңиши менен белгилүү болгон жана азыр да жаңы ийгиликти жаратты.

Саат 13:00дө спортчу Сары-Челектин түндүк жээгинен старт алып, 7,5 чакырым аралыкты 10-15 сантиметр келген толкун менен басып өтүп, 15: 22де түштүк жээкке жеткен.

Эс алуусуз сүзүү 2 саат 22 мүнөткө созулуп, анын бекемдигинин, чыдамкайлыгынын дагы бир далили болду", - деп жазды ал.

Самидинов белгилегендей, бул иш-чара спорттук рекорд гана болбостон, Кыргызстандын жаратылышына аяр мамиле жасоонун айкын мисалы болуп калды.