Кыргызстандык жаачылар Тажикстан президентинин кубогунда байгелүү орундарды ээледи

Спорт Загрузка... 09 Октябрь 2025 17:42
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Кыргызстандык жаачылар Тажикстандын президентинин кубогунда байгелүү орундарды ээледи.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, спорттук иш-чара 6-октябрдан 9-октябрга чейин Тажикстандын Худжанд шаарында өттү.

Командалык жарышта:

1-орун (алтын) – Асел Шарбекова, Эмирбек Машев.

Эркектер арасында:

1-орун (алтын медаль) – Машев Эмирбек.

Кыз-келиндер арасында:

1-орун (алтын медаль) – Динар Бекбалиева.

3-орун (коло медаль) – Асел Шарбекова.

Эркектер арасындагы курама команда:

3-орун (коло медаль) – Улукбек Курсаналиев, Эмирбек Машев, Мухаммад Ислам Алмамбет уулу.

Кыргызстандын курама командасы жалпы 3-алтын, 2-коло медаль жеңди.

Жалпы командалык эсепте:

1-орун – Кыргызстан;
2-орун – Казахстан;
3-орун – Өзбекстан;
4-орун – Тажикстан;
5-орун – Ирак;
6-орун – Россия.