Кыргызстандык ырчылар "Интервидение-2025" сынагында экинчи орунду ээледи

Маданият 21 Сентябрь 2025 14:14
FB_IMG_1758442426453.jpg
FB_IMG_1758442428320.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1758442426453.jpg
FB_IMG_1758442428320.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 21.09.25. /Кабар/. Күн мурун Москва шаарында эл аралык музыкалык сынак «Интервидение-2025» жыйынтыкталды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей,
аталган престиждүү иш-чарада Nomad триосу Кыргызстандын намысын коргоп, 23 өлкөнүн ичинен экинчи орунду ээледи.

Сынактын түз эфириндеги көрсөтүүсү 23төн ашуун өлкөнү камтып, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон көрүүчүлөрдү өзүнө тартты.

Белгиленгендей, кийинки «Интервидение-2026» сынагын өткөрүү укугу Сауд Аравиясына берилди.