Кыргызстандык ырчы эл аралык музыкалык долбоорго катышууда

Маданият Загрузка... 11 Февраль 2026 10:35
6098cf76a26d7516454683.jpg

Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Ырчы Нур Чолпон Voice Beyond Horizon эл аралык музыкалык долбооруна Кыргызстандын атынан катышууда.

Белгилүү ырчы Димаш Кудайбергендин жетекчилигинде өткөрүлүп жаткан Voice Beyond Horizon эл аралык музыкалык долбоорунун премьерасы 5-февралда өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын атынан таланттуу ырчы Нур Чолпон катышууда, ал биринчи чыгарылышта "Беш ыргай" элдик ырын заманбап интерпретацияда аткарып, көрүүчүлөрдү таң калтырды.

Долбоордун эрежелерине ылайык, ар бир чыгармага көрүүчүлөр баа беришет. Аягында музыка эксперттери Лэй Цзя жана Димаш Кудайберген жыйынтыгын жарыялашат.

Аталган музыкалык долбоордо ошондой эле Кытай, Казакстан, Сербия, Малайзия жана Италиядан келген аткаруучулар катышууда.

Нур Чолпондун кийинки аткаруулары ар бейшемби сайын Hunan Satellite TV жана Mango TV каналдарында көрсөтүлөт.