Кыргызстандык урологдор Европанын алдыңкы адистеринен акысыз билим алышат

Коом Жүктөлүүдө... 08 Июль 2026 18:30
740712314_2696476437412475_7469213270290986345_n.jpg
739595983_1073583062254778_7466167651368373211_n.jpg
741324469_1531916795641095_382733485558311696_n.jpg
742129617_2285084732324072_9176310426998963089_n.jpg
Алдыга
Артка
740712314_2696476437412475_7469213270290986345_n.jpg
739595983_1073583062254778_7466167651368373211_n.jpg
741324469_1531916795641095_382733485558311696_n.jpg
742129617_2285084732324072_9176310426998963089_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда урология кызматын өнүктүрүү максатында эл аралык эксперттер менен кызматташуу кеңейтилет. Бүгүн саламаттык сактоо министри Дамир Осмоновдун Бельгия, Германия жана Түркиянын алдыңкы уролог жана андрологдору менен жолугууусунда белгилүү болду.

Ведомствонун маалыматына караганда, алар Ысык-Көлдө өтө турган эл аралык конгресске катышуу үчүн келген.

Жолугушууда тараптар өлкө медицинасына дарылоонун эң заманбап ыкмаларын, анын ичинде роботтук хирургияны киргизүү жана аймактардагы дарыгерлерге аралыктан консультация берүүнү талкуулашты.

Германиянын Шлезвиг-Гольштейн университеттик клиникасынын урология бөлүмүнүн директору Данияр Осмонов кыргызстандык урологдор үчүн атайын демилге сунуштады. Ага ылайык, Европанын алдыңкы адистери ата мекендик дарыгерлер үчүн акысыз аралыктан окутууларды уюштуруп, заманбап тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Ошондой эле чет элдик эксперттер Кыргызстандын урология кызматына илимий-усулдук көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдиришти.

Министр Дамир Осмонов эл аралык тажрыйба алмашуу жана дүйнөлүк мыкты практикаларды киргизүү өлкөдөгү медициналык жардамдын сапатын жогорулатуунун негизги багыты экенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, эл аралык илимий-практикалык конгресс 9-10-июль күндөрүөтөт.