Чолпон-Ата, 22.07.25. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан IV эл аралык “Мейкин Азия” эстрадалык музыка фестивалында кыргызстандык ырчы Урмат Сатыбалдиев биринчи орунду багындырды.
Салтанаттуу иш-чарага бүгүн президент Садыр Жапаров, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Түрксой уюмунун баш катчысы Султан Раев жана бир катар маданият өкүлдөрү катышууда.
Эске салсак, бул жылы фестивалга дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн жалпы 28 таланттуу аткаруучу катышып, эки күндүк сынак аркылуу өз ара ат салышты.