Кыргызстандык сумочулар Таиланддагы дүйнө жана Азия чемпионатында 11 медалге ээ болду

Спорт 17 Сентябрь 2025 13:40
548697411_805476811825538_645706694731978177_n.jpg
548027881_805476771825542_7048533023490094735_n.jpg
548135867_805476925158860_5195158501361769654_n.jpg
547118731_805476838492202_5975792592426133747_n.jpg
548180291_805476928492193_8205810806540402007_n.jpg
548302018_805476871825532_2008300818925459418_n.jpg
549310229_805476998492186_9056856296415871036_n.jpg
547642324_805476731825546_7809032893898721581_n.jpg
547686720_805476841825535_6891044650125679523_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Таиланддын борбору Бангкок шаарында 13-14-сентябрь күндөрү сумо күрөшү боюнча дүйнө жана Азия чемпионаты болуп өттү. Бул мелдешке катышкан Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы жалпысынан 11 медаль утуп, тарыхый жетишкендикке жетти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Азия чемпионатындагы жыйынтыктар:

Жекеме-жеке таймаштарда:

  • Надыр Рассуев (115 кг жогору) — күмүш медаль
  • Айкөл Зияпова (80 кг жогору) — күмүш медаль
  • Феликс Эмирлан уулу (85 кг чейин) — коло медаль
  • Аян Сейитбеков (100 кг чейин) — коло медаль
  • Даниел Темирбеков (115 кг чейин) — коло медаль

Командалык таймаштарда: Константин Абдула-Заде, Георгий Абдула-Заде жана Сулде Донгак күмүш медалга ээ болду. Кыргызстандын командасы япон спортчуларына гана утулду.

Аялдар арасында: Даткайым Уланбек кызы, Айкөл Зияпова, Сезимай Калмырзаева — коло медаль. Бул медаль Кыргызстан аялдар курама командасынын тарыхындагы алгачкы командалык байге болуп калды.

Дүйнө чемпионатындагы жыйынтыктар:

  • Георгий Абдула-Заде (85 кг чейин) — күмүш медаль;
  • Сезимай Калмырзаева (18 жашка чейинки юниорлор арасында, абсолюттук категория) — күмүш медаль;
  • Константин Абдула-Заде (100 кг чейин) — коло медаль;
  • Сулде Донгак (115 кг чейин) — коло медаль.

Мындан тышкары, Аян Сейитбеков жана Айкөл Зияпова да мыкты оюн көрсөтүп, 20дан ашуун өлкөнүн спортчулары катышкан дүйнөлүк мелдеште 5-орунду ээледи.