Кыргызстандык судьялар Кытайдагы ШКУнун ири форумуна катышты

ШКУ Жүктөлүүдө... 07 Июль 2026 15:55
739794825_1996670518388848_7247994367010594210_n.jpg
738593864_2851850568507341_7237547975619200912_n.jpg
739294919_1201227236405952_8946101768839070196_n.jpg
739931666_1012791258233768_739484384388668074_n.jpg
740052898_2116422789087503_1960969096290294789_n.jpg
740183989_1321711286784198_66126274560154814_n.jpg
740206456_1042057591613379_8957225251990849040_n.jpg
740445828_1672248064059999_5052042452131463235_n.jpg
740601942_1445255567621979_8058558291772435789_n.jpg
740917590_4344335189142431_1795406845473684840_n.jpg
741296586_1154658851072733_9171579894350434362_n.jpg
741670537_881544981675214_4384291855553502979_n.jpg
742059879_1362093915802462_8961145489139554091_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку сот

Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. Кытайдын Шанхай шаарында "Кытай – ШКУ" аймактык сотторунун судьяларынын эл аралык форуму өттү.

Жогорку соттон билдиришкендей, форумга Кытай, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн 100дөн ашык делегат, анын ичинде Кыргызстандын Жогорку сотунун судьялары катышты.

Бул иш-чара ШКУнун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына жана жогорку сот төрагаларынын кеңешме механизминин 20 жылдыгына туш келди.

Форумда сот өндүрүшүндө жасалма интеллект технологияларын колдонуу, чек ара аркылуу жүргүзүлүүчү сооданы соттук кепилдиктер менен камсыз кылуу жана бизнес үчүн укуктук чөйрөнү жакшыртуу жана судьяларды даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу сыяктуу маселелер көтөрүлдү.

Иш-чаранын практикалык бөлүгүндө Кыргызстандын делегациясы Шанхайдын Жогорку жана Биринчи орто инстанциядагы элдик сотторунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда кыргызстандык судьялар Кытайдын сот адилеттигин жүзөгө ашыруу процессин жана сот тутумун санариптик трансформациялоо боюнча алдыңкы тажрыйбасын жеринен үйрөнүштү.