Кыргызстандык студенттер биринчи жолу "ГИТИС" фестивалына катышууда

Маданият 28 Май 2025 15:08
WhatsApp_Image_mgofre9.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_t53N6n2.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_SQTSEcD.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_uBPFnFf.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_w5PzWAl.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_2jTctzE.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_zXbACTV.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_Dl6so5U.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_bCpXOOB.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 28.05.25. /Кабар/. 25-майдан 1-июнга чейин Россиянын Волга федералдык округунун беш шаарында - Нижний Новгород, Казань, Самара, Чебоксары жана Саратовдо "ГИТИС fest. Театралдык Волга - 2025" эл аралык театр фестивалы өтүүдө.

Фестивалдын тарыхында биринчи жолу Кыргызстандан Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайдын 1-3-курсунун тогуз студенти катышууда.

Нижний Новгород шаарындагы фестивалдын ачылыш аземинде кыргызстандык студенттер өз өлкөсүнүн маданий мурастарын тартуулап, улуттук кийим кийип, кыргыз тилинде ыр менен чыгышты.

Аталган окуу жайдын директору Курманжан Адылбекова “Кабар” агенттигине билдиргендей, фестивалдын алкагында окуучулар Россиянын президентинин алдындагы Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынын магистранты, режиссер Евгения Тодорованын жетекчилиги астында А.П.Чеховдун “Аю” аттуу бир актылуу пьесасын даярдап жатышат. Спектакль 31-майда Чебоксары шаарындагы К.Иванов атындагы драма театрында өтмөкчү.

"ГИТИС fest. Театралдык Волга - 2025" фестивалы Антон Чеховдун 165 жылдыгына арналган жана билим берүү жана чыгармачылык иш-чараларды камтыйт: ГИТИСтин окутуучуларынан мастер-класстар, даректүү тасмалардын көрсөтүлүшү, билим берүү аянтчалары жана ГИТИСтин актёрдук бөлүмүнө кабыл алуу үчүн тандоо турларын камтыйт. Мындан тышкары, катышуучуларга «А. С. Попов» кемеси менен Волга дарыясы боюнча чыгармачылык саякат жасоо мүмкүнчүлүгү берилди.

Кыргызстандык студенттердин “ГИТИС fest” фестивалына катышуусу Европадагы эң ири театралдык университеттин Кыргызстан менен кызматташуусунун аркасында мүмкүн болду.