III Азия жаштар оюндары. Кыргыз спортчулары ММА жана муай тай боюнча жеңишке жетти

Спорт Загрузка... 27 Октябрь 2025 17:07
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Манама шаарында өтүп жаткан III Азия жаштар оюндарында ММА жана муай-тай таймаштарында бир нече медаль багындырды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Күмүш медаль:

  • Мухаммадрасул Кадирдинов — 60 кг салмак категориясында ММА боюнча экинчи орунга чыгып, турнирдин вице-чемпиону болду.

Коло медалдар:

  • Кубаныч Шаршенбаев — 75 кг салмакта ММА боюнча коло медаль жеңди;
  • Гүлмайрам Абдыкеримова - 60 кг салмактагылар арасында MMA мелдешинде коло медалдын ээси, ал үчүнчү орун үчүн беттеште Казакстандын өкүлүн жеңди;
  • Рамис Масловец - 48 кг салмактагылар арасында муай тай мелдешинде коло медалдын ээси.

Мелдештер Exhibition World Bahrain конгресс-борборунда өттү.