Бишкек, 17.11.25. /Кабар/. Россиянын Самара шаарында "Россия – спорттук держава" форумунун алкагында аралаш мушташ өнөрү боюнча турнир өттү.
Уюштуруучулардын айтымында, кыргызстандык мушкер Актилек Муктарали уулу Open Fighting Championship 58 турнириндеги беттеште россиялык мушкер Георгий Журавскийди жеңип, ишенимдүү түрдө жеңишке жетти. Беттеш жарым орто салмакта өтүп, мекендешибиз бир добуштан жеңишке жеткен.
Open Fighting Championship 58 (OFC 58) турнири Самарада 13-эл аралык "Россия – спорттук держава" форумунун алкагында өткөрүлгөн аралаш мушташ өнөрү (MMA) боюнча мелдеш.
Турнирге Россия, Иран, Армения, Казакстан, Кыргызстан жана Бразилиядан келген мушкерлер катышты. Кыргызстандын намысын эки мушкер коргоду.
Алар – Актилек Муктарали уулу жана Рыскулбек Ибраимов.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча уюштуруучулар:
“Актилек Муктарали уулу — OPEN FC лигасынын жаңы жылдызы. Турнирде таң каларлык беттеш көрсөттү жана аны биздин уюмда чоң келечек күтөт!” — деп белгилешкен.