Кыргызстандык самбочулар Душанбеде өткөн дүйнө кубогунда 2 медаль жеңди

Спорт Загрузка... 22 Сентябрь 2025 12:12
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн самбо боюнча Дүйнө кубогунда байгелүү орундарды ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Элхан Орозалиев 79 кг салмак категориясында күч сынашып, финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынды. Ал эми 71 кг салмакта таймашкан Шерзат Кудайбердиев мыкты оюн көрсөтүп, коло байгени жеңип алды.

Самбо боюнча дүйнө кубогу 20-21-сентябрь күндөрү Тажик улуттук университетинин спорт комплекси базасында уюштурулуп, жалпысынан 28 салмак категориясы боюнча медалдар ойнотулду.

Мелдештер спорттук жана күжүрмөн самбо багыттарында, эркектер жана аялдар арасында төмөнкү салмак чендеринде өттү:

Спорттук самбо (эркектер): 58, 64, 71, 79, 88, 98, +98 кг
Спорттук самбо (аялдар): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг
Күжүрмөн самбо (эркектер): 58, 64, 71, 79, 88, 98, +98 кг
Күжүрмөн самбо (аялдар): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг

Турнир самбо боюнча дүйнө чемпионатына даярдыктын алкагында өттү.

Белгилей кетсек, ноябрь айында Бишкек шаарында самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.