Кыргызстандык самбочу дүйнө кубогунда коло медаль утту

Спорт 25 сентябрь 2026 17:55
Кыргызстандык самбочу дүйнө кубогунда коло медаль утту
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Аида Асанбекова самбо боюнча дүйнө кубогунда байгелүү орунду ээледи.

Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришкендей, ал мелдешке 65 килограммга чейинки салмак категориясында катышып, III орунду ээлөө менен коло медалга татыды.

Мелдештер Тажикстандын Душанбе шаарында өттү.